Бишкектин «Бишкекзеленхоз» муниципалдык ишканасы ар кандай түрдөгү 1,3 млн гүл отургузду. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эски клумбалардан сырткары, Бишкектин бир нече көчөлөрүндө гүл отургузу үчүн жайлары пайда болду. Улуттук филармониянын астында шырдак композициянын түзгөн 113 миң күл отургузулуп мрамор таштары менен кооздолду.

Жаштар аллеясында 56 миң гүл, Жаш Гвардия Жибек Жолу көчөлүрүн кесилишинде 36 шамшат отургузулду.

Муниципалдык ишкана гүлдөрдү апрель айынын ортосунда отургузуп баштады. Иш чараларды 50 кызматкер  аткарып жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.