Бишкек шаарында 19-марттан баштап жылуулук берүү токтотулат. Ылайыктуу буйрукка шаардые башчысы Азиз Суракматов кол коет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Кабыл алынган критерийлер боюнча, эгерде, көчөдөгү абанынын температурасы беш күн катары менен +8 градусту түзсө, жылуулук берүү токтотулат.
Абанын температурасы жылуу болгонуна байланыштуу жана 2019-жылдын март айына карата аба-ырайынын болжолун эске алуу менен Бишкек шаарында 2018-2019-жылдагы жылуулук берүү сезону 2019-жылдын 19-мартында жабылат. Административдик район башчыларына жылуулук берүү сезонунун аякташына байланыштуу чараларды өткөрүү тапшырмасы берилди.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: