Бишкек-Нарын- Торугат жолунун Боом капчыгайы 5- 12-апрелге чейин маал-маалы менен жабылат. Анын себеби, таш кулоо коркунучу бар жерлердеги таштар кулатылып түшүрүлөрү «Кыргыз темир жолу» ишканасынынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бир апта аралыгында күндүзгү 09:00дөн 15:00гө чейин ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маал-маалы менен тосуп, транспорт каттамдарын көзөмөлгө алат. Ал эми токтотулган унаалар 30-40тан ашканда таш кулатуу токтотулуп, транспорттор өткөрүлөт. Учурда Ысык-Көл облусундагы автобазалар жана автокассалар бөлүмдөрүндө коомдук транспорттун өкүлдөрүнө тұшүндүрүү жүргүзүлүүдөө.

“Боом капчыгайындагы таш кулатуу иши жыл сайын пландык иш катары аткарылып келет. Ошондуктан Кыргыз автобекети мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл автовокзал филиалы айдоочуларга убактылуу жолдун жабылуусуна боюнча түшүндүрмө берилүүдө. Ал арада 1 сааттап токтоп туруу эрежеси жүргүнчүлөргө да кабар берилет”,- деди филиалдан Ө. Жанузаков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.