Бүгүн, 3-майда Чолпон-Ата шаарында бир эле күндө өткөн үч ири иш-чара — ШКУнун эл аралык марафону “Run the Silk Road”, “TourismFest 2025” туристтик сезондун ачылышы жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Кубогу үчүн улуттук ат оюндары салтанаттуу гала-концерт менен жыйынтыкталды.

Кечки иш-чарага Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген коноктор, чет элдик меймандар, Чолпон-Атанын тургундары жана күндүзкү иш-чаралардын катышуучулары чогулду.

Сахнада кыргыз эстрадасынын жылдыздары, улуттук ансамблдер жана бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты. Концерттик программада заманбап чыгармалар менен катар эле салттуу элдик ырлар да аткарылды.

Гала-концерт бул күндүн кульминациялык учуру болуп, көрүүчүлөргө унутулгус эмоция тартуулап, маданият элди бириктирүүчү күч экенин дагы бир жолу далилдеди.

Источник – Министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.