ЕАЭБдин мүчөлөрү унаа каражаттарына карата бажы алымдарынын коюмун узартуу демилгесин кароонун жыйынтыгы боюнча бул маселени ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү колдогон жок. ЧечимМосква шаарында өткөн (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына кабыл алынды.

Эскертсек, 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга автону бажылык жол-жоболоштуруунун жаңы эрежелери менен киргизе баштайт. Мисалга алсак, КРдеги эң кеңири жайылган 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry унаасын бажылык жол-жоболоштуруу 11 эсеге, 1 250 доллардан 13 600 долларга чейин жогорулайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.