Бүгүн, 30-апрелде Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Т. Абдумомунов атындагы сахнасында “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Калыстар тобунун чечими боюнча, катышуучулар төмөнкү номинациялар боюнча сыйланды:

ЖАШТАР ОЙНОГОН СПЕКТАКЛДЕГИ ЭҢ МЫКТЫ РОЛУ ҮЧҮН
Жеңүүчү:
Кайрат Дамирбеков, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин “Эвкус” спектаклиндеги Аландын ролу үчүн;
Өзгөрүш Алиев, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин “Эвкус” спектаклиндеги Мартан Дайсарттын ролу үчүн.

ЖАШТАР ОЙНОГОН ЭҢ МЫКТЫ СПЕКТАКЛЬ
Жеңүүчү:
“Эвкус” спектакли – Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин спектакли.

ЭҢ МЫКТЫ ДЕБЮТ
Жеңүүчү:
Арнис Кыдырмышев, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Эр Төштүк” спектаклинин режиссеру.

БАЛДАР ҮЧҮН КОЮЛГАН СПЕКТАКЛДЕГИ ЭҢ МЫКТЫ РОЛУ ҮЧҮН
Жеңүүчү:
Канболот Атахан уулу, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Эр Төштүк” спектаклиндеги Төштүктүн ролу үчүн.

БАЛДАР ҮЧҮН КОЮЛГАН ЭҢ МЫКТЫ СПЕКТАКЛЬ
Жеңүүчү:
“Мечта” спектакли – Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын спектакли.

ЭҢ МЫКТЫ ТЕАТРОВЕДДИК ЭМГЕГИ, ТЕАТР СЫНЫ ЖАНА ТЕАТР ЖУРНАЛИСТИКАСЫ ҮЧҮН
Жеңүүчү:
Людмила Молдалиева – театр таануучу.

УЛУТТУК ТЕАТР ӨНӨРҮНӨ КОШКОН ӨЗГӨЧӨ САЛЫМЫ ҮЧҮН
Жеңүүчү:
Аваз Сырымбетов, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, театр таануучу.

АЙМАКТЫК ТЕАТР ӨНӨРҮНӨ КОШКОН ЗОР САЛЫМЫ ҮЧҮН
Жеңүүчү:
Давлет Нургазиев – К. Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры.

ТЕАТР ӨНӨРҮНӨ АРНАЛГАН ҮЗҮРЛҮҮ ЭМГЕГИ ҮЧҮН
Жеңүүчү:
Елена Смирнова — Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын директорунун орун басары;
Элебесов Азат – Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын үн уктуруу цехинин башчысы.

ЭҢ МЫКТЫ УЛУТТУК ПЬЕСА
Жеңүүчү:
Т. Актанов, “Тагай бий” пьесасы – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында театрында сахналаштырылган.

ЭҢ МЫКТЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СПЕКТАКЛЬ
Жеңүүчү:
“Овсар” – Бухара облустук музыкалык драма театрынын спектакли, Өзбекстан.

ЭҢ МЫКТЫ МУЗЫКАЛЫК ЖАСАЛГА
Жеңүүчү:
Уланмырза Карыпбаев, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Ай тутулган түндө” – спектаклинин музыкалык жасалгасы үчүн.

ЭҢ МЫКТЫ СЦЕНОГРАФИЯ
Жеңүүчү:
Cадыр Ныязакунов, А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын “Барсбек” спектаклинин сценографиясы үчүн;
Юлдаш Нурматов, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын “В чаще” спектаклинин сценографиясы үчүн.

ЭКИНЧИ ПЛАНДАГЫ АЯЛЗАТЫНЫН РОЛУН ЭҢ МЫКТЫ АТКАРГАНДЫГЫ ҮЧҮН
Жеңүүчү:
Динара Кыдырмаева, Мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын “Чиркин өмүр” спектаклиндеги Зананын ролу үчүн;
Айсалкын Кыйыкбаева, Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрынын “Эр Төштүк” спектаклиндеги Гүлайымдын ролу үчүн.

ЭКИНЧИ ПЛАНДАГЫ ЭРКЕКТИН РОЛУН ЭҢ МЫКТЫ АТКАРГАНДЫГЫ ҮЧҮН
Жеңүүчү:
Эржан Осмонов, Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Эр Төштүк” спектаклиндеги Көк Дөөнүн ролу үчүн.

АЯЛЗАТЫНЫН РОЛУН ЭҢ МЫКТЫ АТКАРГАНДЫГЫ ҮЧҮН
Жеңүүчү:
Альбина Имашова, Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Эр Төштүк” спектаклиндеги Мастандын ролу үчүн.

ЭРКЕКТИН РОЛУН ЭҢ МЫКТЫ АТКАРГАНДЫГЫ ҮЧҮН
Жеңүүчү:
Чынгыз Абасов, Мамлекеттик “Учур” театрында “Чиркин өмүр” спектаклиндеги Сакен Турсуновдун ролу үчүн.

ЭҢ МЫКТЫ РЕЖИССУРА
Жеңүүчү:
Уланмырза Карыпбаев – Мамлекеттик “Учур” театрында “Чиркин өмүр”, К. Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында “Сараң. Репетиция” спектаклдерин койгондугу үчүн.

ЭҢ МЫКТЫ СПЕКТАКЛЬ
Жеңүүчү:
“Ай тутулган түндө” – Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын спектакли.

Источник – Министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.