Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 29 миллион 988 миң 871 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 526 миллион 881 миң 859 сомду түздү.

Азыркы убакта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта “КР Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” КР Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин, ошондой эле президенти Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тезистерин ишке ашыруу боюнча тиийштүү чараларды көрүү уланып жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.