Бишкектин Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМ жана Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлери унаалардын айнектерин караңгылаткан айдоочуларга пул салуу  үчүн рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу Жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Рейд учурунда 10 унаа токтотулуп айдоочуларга 3 миң сомдук пул салынды. Жарандар айыпты 30 күндүн ичинде банктар аркылуу төлөгөнгө мүмкүнү бар.

Эскертсек, “тонировка” боюнча тескөө 2019-жылдын 1-январынан баштап Транспорт министрлигине өткөрүлүп берилген. Азырынча, ведомство тескөөнү ЖККББна кайрадан өткөрүү мыйзам демилгесин өкмөткө сунуштаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.