7-майдан баштап Бишкектин 9 көчө кесилиштеринде видеокөзөмөл ишке киргизилет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Видео көзөмөл төмөнкү көчөлөрдө ишке киргизилет:
- Боконбаев – Манас;
- Чүй – Манас;
- Чүй – Павлов;
- Жибек Жолу – Манас;
- Махатма Ганди – Боталиев;
- Жибек Жолу – Курманжан Датка;
- Ахунбаев – Байтик Баатыр;
- Чүй – Абдрахманов;
- Байтик Баатыр – Горький.
Жабдуулар керектүү процедуралардан өтүп, ведомстволор аралык комиссия кабыл алган.
Эскертсек, “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабында 110 комплекс орнотулат. 42 Бишкекте, Чүй облусунун жолдорунда – 48 жана ар кандай жерлерге 20 аппарат орнотулат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: