Ысык-Көл облусунда Балыкчы-Корумду жолунун 23 км капиталдык оңдоо жана 12 км экинчи катмарын асфальттоо керек. Ага 2 млрд 100 миң сом керектелет. Быйыл жолду толук кандуу реконструкцияга берүүгө мамлекеттик казынада каражат тартыш болуп жатканы маалым болду.

Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин Ысык-Көлдөгү башчысы Кудайкул Күчүковдун айтымында, быйылкы жылга болгону 500 миллион сом бөлүнгөн.

“Балыкчы-Корумду жолун оңдоп, ишке берүүгө баштан аяк транспорт министрлиги көзөлдөп келет. Буга чейин жолдун 81 чакырымы капиталдык оңдолду. Бул жылы акча каражат өз учурунда бөлүнсө Чолпон-Ата шаарынан Балыкчыга карай тротуарлары менен кошо жасалмак”,-деди Күчүков.

Эске сала кетсек, Ысык-Көлдүн күнгөй жээшиндеги 104 км жолдун курулуш иштери 2016-жылы башталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.