Балыкчыда «Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабы бүттү. Негизги көчөлөргө жана коомдук жайлардын тегерегине бардыгы болуп 84 видеокөзөмөл коюлган. Андан сырткары 20 камера стратегиялык объектилерге да камтылып, жол эрежесин бузгандарды каттоочу 2 даана камера орнотулду. Бул тууралуу шаардык муниципалдык менчик башкарлагынын бөлүм башчысы Акжол Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, коюлган видео көзөмөлдөр учурда тесттик режимде иштеп жатат. Долбоор толук кандуу ишке ашса түшкөн айып пулдун 50% Балыкчы шаарына, 40% республикалык бюджетке жана 10% ИИИге бөлүнмөкчү.

«Негизинен “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга эки жыл убакыт кеткен. Долбоорду Ысык-Көл өнүктүрүү фонду каржылаган. Анын жалпы суммасы 18,5 миллион сомду түзгөн. Орнотулган видеокөзөмөл азырынча айып пул сала албайт. Бирок ага карабастан кылмыштуулуктун саны кескин азайган. Алсак мал уурулук фактылары, жол эрежелерин бузуунун көрсөткүчтөрү төмөндөдү»,-деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.