Бишкек шаарынын мэриясы шаардык акы төлөөчү унаа токтотмолор боюнча мыйзам демилгесин шаардык депутаттык кеңешине сунуштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Бул демилге менен мэрияда шаардагы токтотмолордун маселеси чечилет деп үмүттөнүшөт. Эгерде шаардык кеңеш колдосо, Бишкектеги токтотмолордун тизмеси түзүлүп, аны иштетүү укуктар аукцион аркылуу сатылат.

Бишкек 4 токтотмо чөлкөмгө бөлүнүү долбоору толук даяр.

Жаш Гвардия – М.Фрунзе – Ибраимов – Бөкөнбаев көчөлөрүнүн, кичи-базарлардын, соода борборлордун тегерегиндеги бир сааттын акысы 30 сомду түзөт, кошумча саат үчүн айдоочулар 10 сомдон төлөйт.

Жибек-Жолу – Суюмбаев, Юнусалиев-Ахунбаев-Бакаев-Л. Толстой-Фучик көчөлөрүнүн тегерегиндеги акысы бир саат үчүн 20 сомду түзөт, ар бир саат сайын 10 сомдон кошулуп турат.

Чоң Чүй каналы, Курманжан Датка-Шабдан Баатыр-Ахунбаев-Каралаев, Токомбаев-А. Масалиев-Жайыл Баатыр-Чортеков-Муромская-Гагарин-Алыкулов, Лущихин-Т. Фрунзе-Садыгалиев, Дэн Сяопин, П. Лумумба, Профсоюзный, Фучик көчөлөрүнүн тегереги үчүн 15 сомду түзөт, ар бир саат сайын акыга 10 сомдон кошулуп турат.

Тизмеге кирбей калган токтотмолор үчүн акысы 10 сомду түзөт. Акыны төлөбөн айдоочуларга 50 сомдук айыппул каралган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.