Бишкекте Кытайдан алынган грант аркылуу жаңыланган көчөлөрдү текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул  тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

25-марттан баштап шаардык кызматтарынын өкүлдөрүнөн турган комиссия 46 көчөнү кыдырып текшерүүдө. Табылган кемчиликтерди жалданган мекемелер өзүнүн эсебинен оңдойт.

Табылган кемчиликтин бири – сапатсыз жээктер менен арыктар. Унаалар жүргөн жолдун кемчиликтери жок.

Комиссиянын иши жаандын алкагында токтолуп калган, бирок текшерүүлөр майдын ортосунда жыйынтыкталат. Алдын ала маалымат боюнча, кээ бир көчөлөрдө 50 ашык кемчиликтер табылды. Азырынча Лев Толстой, Тыналиев, Токтоналиев көчөлөрүндө кемчиликтерди жоюу иштери аткарылып жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.