Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилге карата Боом-капчыгайындагы тамактануучу жайлардын ишмердүүлүгү, санитардык абалы, тейлөө шарттары текшерилүүдө. Көзөмөлгө Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Осмоналиев, Тоң районунун акими Д. Арпачиев жана Көк-Мойнок айыл өкмөтү М.Кыдыралиева таанышууда.

Негизги максаты жайкы эс алуу мезгилинде ички жана сырттан келген меймандарга сапаттуу тейлөө, кемчиликтерди жоюу болуп саналат. Анын алкагында “Кербен-Сарай”, “Жибек-Жолу”, “Ак-Жол” сыяктуу тамактануу үчүн тыныгуу жайлар салык, даараткана, жаан-чачында кыян жүрүү маселесин көтөрүүдө.

“Жайкы-кышкы туризм үчүн тамактануучу жайлардын мааниси чоң. Бүгүнкү күндө Боомдогу бардык жеке ишкерлер меймандарды күлүп тозуп алуу менен узатуу зарыл. Албетте коопсуздук, вай-фай маселеси да ишке ашыруу заман талабы”,-деди А.Осмоналиев.

Эске сала кетсек, Боом-Капчыгайда 10 тамактануу жайы болсо, алардын 7 иштейт. Жеке ишкерлер жылына 2 млн 800 миң сом салык төлөнөт

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.