КР Эспетөө палатасы Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу аудитин өткөрдүү. Бул тууралуу палатанын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, МИКын кредиттери бюджеттик тармагында иштеген чектелген кызматкерлерине гана берилген. Эң башкы талап – кызматкердин үй бүлөсүндө айлыктан сырткары кошумча кирешеси болуу.

“Мамлекеттик ипотеканын жеткистигине жогорку пайыздык ченем жана коммерциялык банктардын кошумча ченеми”, –  деп билдирүүдө белгиленген.

Эсептөө палатасы өкмөткө ипотеканы берүү шарттарын кайра карап чыгууну сунуштайт. Аудиттин материалдары КР президентине, Жогорку Кеңешке, өкмөткө, Мамлекеттик мүлкүн башкаруу фондуна жана МИКна жиберилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.