“Коопсуз шаар” аукциону боюнча көзкарандысыз комиссия тендердин жыйынтыгын жокко чыгарды. КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бул чечимге макул болбог эмес, ошондуктан ведомствонун даттануусу атайын комиссия карап жатат. Бул тууралуу МТБМК маалымат кызматы билдирди.
“Буга чейин 34 мүчөдөн турган сынактык комиссия, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн “Коопсуз шаар” долбоорунун маанилүүлүгүн толук түшүнүү менен, тоорукту даярдоо жана өткөрүү боюнча бир топ иштерди сапаттуу жүргүзгөн.
Эскерте кетсек, комиссиянын курамына улуттук парламенттин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жарандык сектордун байкоочулары кирген. Сынактык комиссиянын чечими калыс, негиздүү жана тең салмактуу болгон”, – деп билдирүүдө белгиленген.
Технологиялар жана байланыш мамкомитети Кыргызстанда жолдордо эреже бузууларды сүрөткө жана тасмага алуунун заманбап системасын жүзөгө ашыруу үчүн мыйзамдар тарабынан каралган бардык зарыл аракеттер жана жол-жоболор ишке ашырылат деген убада берди.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: