Ысык-Көл облусунун борборунда “Кыргыз Республикасынын бөлуштүрүү тармактарынын мыкты бригадасы” деген сынакка жүрүп жатат. Анда республикадан келген электр тармактар баш байгеге коюлган 1 миллион 100 миӊ сомду жеӊип алууга ат салышууда.

Таймаш “Чыгышэлектр” ААКсынын базасынын машыгуу полигонунда өтүп, “Түндүк электр” ААК, “Ошэлектр” ААК, “ЖалалАбатэлектр” ААК, жана “Чыгышэлектр” ААК бригадалары күч сынашууда.

«Учурда командалар арасындагы таймаш кызуу жүрүп, ар бир команда жеңишке жетүүгө аракет кылууда. Мелдеш кыргыз энергетикасынын 85 жылдыгына арналып, таймаш сегиз этаптан турат. Негизги максаты адамдын өмүрүн сактоо, электр жарыгы боюнча калкка сапаттуу жана ыкчам кызмат көрсөтүү, профессионалдык иштерди оӊдоо, тескөө болуп саналат. Баш байгени жеңүүчү команда КМШ мамлекеттер арасында өтүүчү мелдеште өлкөбүздүн наамын коргойт»,-деди “Чыгыш Электр” ААКнын кызматкери Т. Исаев

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.