Ысык-Көл облусунда жалпы 176 айыл аймагы бар болсо, бүгүнкү күндө анын 60тан ашыгы таза суу менен камсыздала элек. Бул боюнча ичиүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды өнүктүрүү департаментинин облустагы координатору Рахмадин Батырканов билдирди.

Анын берген маалыматында 2001-2018-жылга чейин таза суу 86 айыл кыштакка жеткирилди. Алдыда респубикалык бюджеттен, дүйнөлүк банк аркылуу, «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусунан жана чет инвестиция тарабынан дагы 33 кыштакка суу чыгаруу пландалууда.

«Жыл сайын Ысык-Көл облусундагы айыл кыштактардын таза суу маселеси колго алынып, четинен бүткөрүлүп келе жатат. Өткөн 2018-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 6 айылга таза суу кирсе, «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусу, чет элдик долбоорлор алкагында дагы 6 кыштактын ичүүчү суусу чечилди. Алдыда 25 айыл Дүйнөлүк банктын долбооруна кирсе, 5 айылга республикалык бюджеттен акча каралат. Андан сырктары 5 айыл Европалык банк аркылуу колдоо тапса, 6 жерге башка каржы булактар аркылуу салынат. Ал эми 17 айылга Кытай Эл Республикасы колдо көргөзүүдө. Ошондо көл аймагында дагы 28 элет жергесинин маселесин чечүү керек. Ага азырынча инвестиция каралууда»,-деди Батырканов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.