Ысык-Көл облусунун борбору Караколдун күнгөй тарабынан кире бериши, борбордук Кыдыр-Аке көчөсү капиталдык оӊдолот. Ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу 77 млн сом бөлөт. Бул тууралуу Каракол шаардык «Жол чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакыт Барыктабасов билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Кыдыр –Аке көчөсүнүн 1,200 метри ушул эле фонддон 54 млн сомго 4 тилкелүү болуп оӊдолгон. Ал эми быйылкы жылга 1 чакырым 400 метри реконструкцияланат.

«Бул жылы Каракол шаарына 150 жыл толот. Ошого байланыштуу Чолон-Ата –Түп районунан кире бериш жолду капиталдык оӊдоп түзөөнү планга киргиздик. Кыш айларында тендер ойнотулуп, учурда оӊдоо иши башталды. Төрт каттамга ылайыкталган жолдун 1 км 440 метрине Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду акча бөлсө, андан аркы 2 км 300 метрди оӊдоого республикалык бюджеттен 143 миллион сом сурап жатабыз»,- деди Барыктабасов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.