Быйыл, кышка карата Ысык-Көлдүн айлампа жана эл аралык маанидеги жолдорун тазалоого жарым жартылай даярдык бар. Бул боюнча мамлекеттик жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Таалайбек Самаков билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-2019-жылдын кыш мезгилине карата жолго себиле турган техникалык туз 56%, кум 75%, шлак 51% даяр. Андан сырткары кар күрткүсүн тазалоого төмөндөгү техникалар тартылат.
“Ысык-Көлдүн айлампа жолун жана эл аралык маанидеги Түп-Кеген жолун өз учурунда ачып берүү үчүн 7 ДЭУ иш алып барат. Бүгүнкү күндө 1 Т-130 техникасы, 2 Б-10 бульдозер, 10 автогрейдер, 3 МДК-унаасы, 2 ДТ-75 трактор, 2камаз, 10 оор техника иш алып барат. Күйүүчү майлоочу майлар запаста 160 тонна солярка, 22 тонна бензин бар”, – деди Самаков.
Белгилей кетсек, Ысык-Көлдүн тескей тарабында 220км, күнгөй тарапта(север) 218 км жол тазаланат. Андан сырткары карды ээритип жолдорду ачуу үчүн Түп-Кеген жолунун 50 км, Каракол-Эңилчек 38км жана Чоң-Ашуу, Сөөк ашууларына жумуш жүргүзүлөт.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: