ШКУ саммити учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир жолдорунда убактылуу чектөөлөр коюлат. Бул тууралуу ЖККББнын басма сөз кызматы билдирет.
 
Маалымат боюнча, ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, аталган иш-чарада жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Бишкек шаардык жана Чүй облустук ЖККК башкармалыктардын өздүк курамдары толугу менен иш алып барат.
 
Делегациялар өтө турган Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында иш-чараларды өткөрүү жайларында, көчөлөрдө, жолдордо маал-малы менен жолдор убактылуу жабылат. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өтө турган иш-чаралардын жанында эвакуаторлор тартылат. Такталбаган жерлерде токтотулган жана кароосуз калган автоунаалар эвакуацияланат. 
 
Маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу ЖКККББгы шаардын тургундары менен жашоочуларын түшүнүү менен кабыл алууларын суранат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.