«Ишеним» партиясы Бишкек шаарындагы Свердлов, Октябрь, Биринчи май, Ленин райондорундагы бөлүмдөрүнүн баштапкы партиялык конференцияларын өткөрдү.

Анда «Көзү азистер жана дүлөйлөр» коому шаардагы негизги көйгөлөрдү чечүү боюнча «Ишеним» партиясы менен бирге иш алып барууга даяр экенин билдирип, алдыдагы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоого чогуу аттануу ниетин билдиришти. Мындан тышкары «Үй куруучулар» партиясы баш болгон бир нече партия, коомдук бирикме, уюмдар шаардык кеңешке болгон шайлоодо «Ишеним» партиясы менен биригүү тууралуу меморандумга кол кою алдында турушат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.