Кара-Суулук “Ван Дамм” Максим Галкинди өнөрчүлүгү менен таң калтырды
Ош облусундагы Кара-Суу айылынын 10 жашар тургуну Мухаммад Али Хасанахунов россиялык Биринчи каналынын “Лучше всех” телешоусуна катышты.
Шоу эфирге 21 апрелде тартууланган. Максим Галкиндин менен маек курган Мухаммад өзүнүн айылдаштары аны «Али Ван Дамм» деп аташканын айтып берди. Андан тышкары, Мухаммад орус тилин атайын жаттап даярданып келген.
Чоңойгондо кичинекей «Ван Дамм» Олимпиадада таеквондо боюнча жеңүүчү болом деп үмүттөнөт. Анын айтымында, машыгууларга атасы интернеттеги видеолор аркылуу жардам берет.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: