Каракол шаарынын 150 жылдыгынын урматына биринчи жолу 1,5 тонна ашлям-фу даярдалды. Мааракелик иш чарага төрт миңден ашуун жашоочу чогулуп желим идиштер менен таратылууда.

Ашлям-фунун негизги компоненттери болгон крахмал менен соусу 30-июнда даярдалган. Ал эми кесмеси бүгүн бышырылып, шаардын борбордук аянтына алып чыгарылды. Ашпозчунун бири Мавлюда Сайфуллаеванын айтымында ашлям-фунун курамы илгертен жашырылып келген.

“Ушунча эл чогулуп, кезек күтөт деп эч ойлогон эмесмин. Майрамдын урматына маанайыбыз жакшы, Караколдун ашлям-фусу Кыргызстанга бренд болсо, келечекте дүйнөгө таанылат деп ишенем”,- деди ашпозчу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.