Каракол жаратылыш паркындагы 221 гектар жер мыйзамсыз ижарага берилген. Бул боюнча шаардык прокуратура атайын пландык негизде текшерүү жүргүзүп, жер 144 адамга 49 жылга берилгени аныкталганын кабарлады.

Прокурордун орун басары Кубат Абдыманбетовдун айтымында, бүгүнкү күндө тиешелүү жетекчилерге кызматтык ордун кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы тапта финансы полициясы тарабынан териштирүү иштери уланууда.

«Каракол шаарындагы жаратылыш паркы 2017-жылдын 27-ноябрында сынак жарыялап, жер 144 адамга 49 жылга ижарага берген. 2018-жылы анын 20сы мамлекеттик актыларын алып үлгүрүшкөн. Ижарага алган адамдардын айрымдары кайра башкаларга жең ичинен жерлерди сатып башташкан. Азыркы тапта 20 иш райондор аралык сотко, дагы 20 иш Каракол шаардык сотуна жиберилди»,- деди Абдымамбетов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.