Казакстандын эӊ ири магистралдык темир жол түйүнү – «Казакстан темир жолы» Улуттук компаниясы» Акционердик коому Казак Республикасынын өкмөтүнө бир катар демилгелерин сунуштап кайрылды.
Маселен, «КТЖ» УК» АК унификацияланган тарифтин наркын баардык багыттар боюнча белгиленген транзиттик тарифке теӊеп коюну: республика ичиндеги багыттар, экспорт жана импорт, ошондой эле ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда ташылган транзит жүгунүн тарифине теӊеп коюуну сунуштап чыкты. Биздин серепчилердин пикири боюнча, КТЖнын мындай демилгеси ЕАЭБ алкагындагы интеграциянын негизги принциптерине кайчы келип, Бирикменин башкы максаты – өндүрүм, тейлөө кызматы, капитал жана эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүү максатына каршы турат. Биздин саясатчы Токтогул Какчекеевдин айтымында, КТЖ бул маселени бир тараптуу чечүүгѳ укугу жок.
««НК «Казахстан темир жолу» акционердик коомунун мындай чечими кыйроого алып келет. Кыргызстан менен Казактан ЕАЭБдин мүчѳлѳрү жана жол ташуу тарифтерин кѳтѳрүү сыяктуу маселелер ЕАЭБдин мамлекеттери башчыларынын катышуусу менен уюштурулган кезексиз жыйында талкууланышы керек эле. Бирок алгач бул демилгени Евразиялык экономикалык комиссиясы карап чыгышы керек. Кыргызстан тарабынан бул демилге тууралуу баардык органдар ѳз пикирин айтышы керек эле. ϴкмѳт, Жогорку Кеңеш, Тышкы иштер министрлиги, унаа министрлиги жана башкалар. Бул саясий маселе, анткени Евразиялык экономикалык бирикме уюштурулганда, ѳлкѳлѳр бирдиктүү тариф менен иштейбиз деп макулдашып алган, ал эми азыр Казакстан бир тараптуу турдѳ шартты ѳзгѳртүп жатат. КТЖ жетекчилиги ушундай демилге менен ѳкмѳткѳ барганына таң калам. Ушундай жолго барганына караганда акционердик коомдун иши начарлай баштаганбы?»
Маалымкат: «НК « Казахстан темир жолы» АК чындап эле карызга баткан. Учурда кызмат орундарын кыскартуу жүрүп жатат. «НК « Казахстан темир жолы» АКнын Башкармалык тѳрагасы Сауат Мынбаев бул кызматка 2018-жылдын 20-ноябрында келген, ошол кундѳн тартып ишкананын кѳйгѳйлѳрү күчѳй баштады. Казакстанда бул аткаминердин аброю бир аз тайкы. Казак ЖМКнын жазганына караганда, бул аткаминердин аты мамлекеттик кызматта иштеп жатып, оффшордук эсептер жана бизнес-компаниялардын негиздоочүсү катары бир катар чыр-чатакка аралашкан.
Казакстан жетекчилиги КТЖ директорунун сѳзүнѳ жетеленип, унификацияланган тарифти жогорулантса, Кыргызстан жылына 100 миллиондон ашуун доллар жоготот.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: