12-майдан баштап 16-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: 12-майда күндүз жана 13-16-майларда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 13-15-майларда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 12-майда күндүз жана 13-14-майларда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

электричество

2018-жылдын 13-16-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

12-18-май күндөрү Кыргыз Республикасынын аймактарында күтүлгөн аба ырайы

12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

13-14-май күндөрү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-майда түнкүсүн Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында, 13-майда күндүз жана 14-майда Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

15-16-май күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили  менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чуй облусунда жаан-чачын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

17-18-май күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат: тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы  жогорулайт.

12-14-май күндөрү Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

12-майда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 13-14-майларда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 12-майда кундүз жана 13-майда түнкүсүн 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 12-14-май күндөрү Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

12-майда күндүз жана 13-14-майларда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасын 4-9 метрге жетет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.