Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-265-чакырымдары) 2018-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-265- чакырымдарында жүргүзүү үчүн, КР КК Генералдык штабынан 1 артиллериялык эсеп, 2018-жылдын 29-ноябрында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынан саат 09:00дө КР ӨКМ ыкчам тобу менен биргеликте жолго чыгышат.
Аталган иш-чараны КР ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын артиллериялык расчету тартылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу жабылат, унаа жолдор толугу менен жабылбайт.
КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө өз убагында жолдорун кардан тазалоону камсыз кылат. КРнын Ички иштер министрлиги кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү мезгилинде унаа жолдорундагы унаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана кар көчкүлөрдүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат.
КРнын Саламаттык сактоо министрлигинен артиллериялык расчеттук иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкери коштоп жүрөт.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: