3-5-июнь кундөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 3-5 июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.