“Коопсуз шаар” долбоору боюнча онлайн-аукциону 23-августта үзгүлтүккө учурады. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемировдун айтымы боюнча, тендер кайра жарыяланат, бирок качан уюштурулат так аныктаган жок.

Үзгүлтүктүн себеби Мегалайн компаниясы коюлган 2,5 млрд сомдон жогору бааны сунуштаганы болуп саналды. Мамлекеттик сатып алуу департаментинин директору Улан Озумбековдун айтымында, бул кадамды автоматтык система тендерди бузуу аракети катары эсептеди. Ошондуктан, система тендерге эки эле компанияны көргөндүктөн аукцион аягына чыкпай калды.

“Коопсуз шаар” боюнча тендерге үч компания катышкан. Алардын бири “Мегалайн” компаниясынын суммасы тендерде көрсөтүлгөн суммадан көп болуп көрсөтүлгөн. Муну автоматтык система тендерди бузуу аракети катары эсептеп, ошолордун суммасын гана ачыкка чыгарып койгон”, – деп Озумбеков белгиледи.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.