Кумтөр Голд компани ишканасынын каржылоосу менен Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы К.Салиев атындагы орто мектебке күнөскана курулду. Ал «Карагат+» долбоорунун алкагында ишке ашып, 800 миӊ сом сарпталды. Бул тууралуу күнөскананын жетекчиси Гүлжан Токтомамбетова маалымдады.

Анын айтымында, мектеп окуучулары үчүн бир жерге курулган күнөсканадан алгачкы түшум алышууда. Негизги максаты Кумтөр Голд Компани окуучулардын эс тутумун жакшыртып, витаминдүү такмак-аш менен камсыз кылууну көздөйт.

«Мектепке күнөскана куруу демилгеси өткөн жылдын июнь айында «Карагат+» долбоорунун алкагында каралган. Бул боюнча сметалык бааны түзүп, ага Кумтөр ишканасы 700 миӊ сом каржыласа, 100 миӊ сом айыл өкмөттөн бөлүндү. Курулуш иштери октябрь айында аяктап, алгачкы жолу бадыраң өстүрүүнү туура көрдүк. Азыркы тапта түшүм алып, 345 окуучуга ысык тамак менен салат жасап берүүдөбүз. Кышында бадыраң кымбат болот эмеспи, эми өзүбүз өстүргөндүктөн окуучуларыбызга кеңири берилет. Эми башка дагы жашылчаларды өстүрүүнү пландап жатабыз», – дейт Токтомамбетова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.