2018-жылдын 22-сентябрында Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун базасында «Кумтɵр Голд Компанинин» уюштуруучулук колдоосунда 18 жылдык таймаш өткөрүлдү.

Таймашка Кумтөрдө иштеген эки команда, Балыкчы ɵткɵɵл базасынын куткаруучулары жана базанын кожоюндары – ӨКМнин куткаруучулары катышты.

«Кумтөр менен ӨКМнин кызматташынын алкагында Мамлекеттик борбордо куткаруучулардын таймашы өтүп жатат. Көп кабатту, жер астындагы мекемелерде куткаруучу иштери, химиялык уулануу зонасынан жоюу боюнча тажрыйба менен алмашуу өтүп жата. Эрежелерди аткаруу боюнча атайын сот командасы көзөмөлдөп, катышуучуларга упай берет.  Упайлардын жыйынтыгы менен утуучу аныкталат», – деп Мамлекеттик базанын начальниги подполковник Кумар Акматов белгиледи.

Чындыкка жакын  шарттар

Таймаштын катышуучулары үч сыноодон өтөт. Биринчиси – аркан менен шарттуу жардан көп кабаттуу мекемеге кирип, төртүнчү кабаттан жабыркаганды эвакуациялоо. Бир туура  эмес кыймылдан жабыркаган кулап кетиши мүмкүн…

Экинчиси – тар тоннелден өтүп жабыркаган адамды куткаруу. Куткаруучулардын жолун ар кандай бетондук дубалдар жана түшмө экшиктер тосколдук кылды. Аларды атайын гидравликалык жабдуулар менен куткаруучулар ачып өтүштү.

Үчүнчү сынакта аммиактын төгүлүшүн ликвидациялоо жана химиялык заттан ууланган адамды куткаруу. Катышуучулар сынакты атайын химиялык уланууга каршы костюмдар менен противогаз кийип аткарды.

Упай утуп алыш үчүн куткаруучулар чоң аракет кылды. Чындыкка жакын шарттагы сынакта, максатка жетүү аябай оор, бирок бардык төрт команда татаалдыктарга алы жетти.

«Бул таймаштар куткаруучуларды бышыктырып, өздөрүнүн устачылыгын көрсөтүүгө мүмкүн берет. Биз таймаштардагы алган тажрыйбаны кенде ушундай кырдаалдарда колдонгон учурлар болгон. Бирок устачылыкты машыгууда гана пайдаланабыз деп үмүттөнөбүз», – деди «Кумтор Голд Компанинин» эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Жусупов.

Кумтөрдүн өкүлүнүн айтымында, кенде 4 курамдан турган 33 профессионалдык куткаруучулар эмгектенет.

«Бул куткаруучулар үчүн чоң тажрыйба, ошондуктан  таймаштарга биз чет мамлекеттеги кесиптештерибизди чакырганга аракет кылабыз. Мисалы, Монголиядан чакырабыз, же болбосо өзүбүз барабыз. Биздин кызматкерлер таймашка жыл бою жооптулук менен даярданат. Бизде жылдык окутуучу-машыгуу планы жазылган. Борбордук базанын жетекчилиги демилгени колдогону үчүн биз рахматыбызды айтабыз», – деп Таалайбек Жусупов жыйынтыктады.

Өзгөчө кырдаалга даярбыз!

“АСК-4” командасынын капитаны Александр Гуниндин айтымында, анын кесиптештери жыл ичинде устачылыгын жогорулатып турушат.

«Ушундай таймаштарга катышып, биз адреналиндин көтөрүлүшүн сезебиз. Кесиптештерибиз менен билим, тажрыйбабыз менен алмашабыз. Биз билбеген шарттарга максималдуу ыгайлашканга аракет кылабыз. Таймаштагы тажрыйбаны биз кенде колдонуп, жаңы элементтердин устачылыгын жогорулатабыз. Башка командалардын катышуучулары бизди теңтайлашуучу катары койбой, биз менен тажрыйбасы менен бөлүшкөнү жагымдуу», – деди куткаруучу.

Кумтөрдөгү куткаруучулардын даярдоосуна чоң мамиле бурулат. Кенде ар бир жума сайын бир күн бою машыгуу өтөт. Алтын табуу ишканада эки бригада тынымсыз дежурда турат. Кырдаалга жараша, билдирүү боюнча аларга калган куткаруучулар жардамга келет.

«Кумтор Голд Компани» менен ӨКМ өткөргөн таймаштын 60-70% чындыкка жакын. Коюлган маселени катасыз, профессионалдуу түрдөө чечишибиз керек. Соттук бригаданын ордуна биз болсок, өзүбүзгө 5 упайдын ичинен 4 коймокбуз», – деп Балыкчы ɵткɵɵл базасынын куткаруучуларынын капитаны Союзбек Абдылдаев айтты.

Беш сааттык таймаштын кийин жеңүүчү аныкталды. Биринчи орунду кенде иштеген куткаруучулардын «Кумтөр-1» командасы ээледи. Экинчи орунду Балыкчы ɵткɵɵл базасынын куткаруучулары алды. Үчүнчү орунду «АСК-4» командасы ээледи. Сот бригадасынын чечими менен ӨКМнин өкүлдөрү таймаштык программадан тышкары катышышты. Бул чечим, “талаанын кожоюндары” базаны өз колундай билген үчүн кабыл алынган.

«Биз Ɵзгɵчɵ кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун базасындагы таймашка катышканыбыз кубанычтуу. Биз туруктуулук менен даярданган үчүн жеңип алдык. Таймаштар, өзгөчө кырдаал болсо, ар бир куткаруучу даяр болуп туруш керек экендигин көрсөтөт. Биз ар кандай кырдаалга даярдыгыбызды тастыктадык», – деп «Кумтөр-1» командасынын капитанын Рустам Гизатуллин өз оюн айтты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.