2019-жылдын 4-мартына чейин жол эрежелерин бузган айдоочулар айып төлөбөйт. Бул тууралуу, бүгүн пресс-конферецияда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Анын айтымында, “Коопсуз шаар” долбоору тесттик түрдө иштеген.

«Эгерде эрежени бузгандар айыпты 2 жуманын ичинде төлөсө, 50% жеңилдик берилет. Буга ылайыктуу өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш кабыл алган. Өзгөртүүлөр күчүнө 4-марттан баштап кирет. Юридикалык жактан 4-мартка чейин эрежени бузгандар бул озгөртүүлөр менен колдоно албай калат», — деди Курсан Асанов.

Жол жүрүүчүлөрдүн укуктарын теңдөө үчүн, ИИМги айыптарды 4 марттан баштап санайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.