Урматтуу мекендештер!
Сиздерди жаз майрамы – жазгы күн менен түндүн теңделиши – Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Нооруз-жаздын, жаңылануунун жана жаратмандыктын майрамы. Жаз адамзатка илгери үмүт тартуулап, аруу ниетке жетелеген мезгил болуп саналат. Жанданып келе жаткан жаратылыш жана жадыраган жаз менен кошо белгилене турган бул майрамдын эзелтен эле табият менен таттуу мамиледе жашап келген кыргыз эли үчүн мааниси зор.
Ак тилектин, аруу ниеттин, мээримдүүлүктүн, ыйман менен ынтымактуулуктун жана боордоштуктун белгиси болгон Нооруз майрамы сиздерге жакшылык, молчулук алып келсин! Элибизде ынтымак, кут береке, жергебизде молчулук болсун!
Нооруз майрамы менен кошо Сиздерге ушул күнү чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалаймын!
Улустун улуу күнүндө үйүңүздөргө кут конуп, жашооңуздарды жакшылыктар жылоолоп, ынтымак-ырашкерлик коштоп, аманчылыкта жана тынчтыкта болуңуздар! Тилеген асыл тилек, жакшы ой-максаттарыңыздар ишке ашсын.
Урматтоо менен,
Төрага
Бактыбек Кудайбергенов
Источник – Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: