2019-жылдын 1-апрелине карата республикада 356 Улуу Ата Мекендик согуштун (УАМС) ардагерлери жашайт. Анын ичинен 91 УАМС майыптары, 224 УАМС катышуучулары, 17 концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 24 Ленинград блокадачылары. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 2 миң 164 оруктун эмгекчилери, анын ичинде 356 майыптуулугу бар, 9 УАМСта курман болгондордун жесирлери, 2 миң 579 УАМСтан кийин каза болгондородун жесирлери жашайт.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык колдоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган ай сайын жана жыл сайын берилүүчү төлөмдөр түрүндө жүргүзүлөт.

2010-жылдын 1- январынан тартып УАМСтун ардагерлери ай сайын жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияны төмөнкү өлчөмдө алышат:

  • УАМСтун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары – 7 миң сом;
  • майыптуулугу бар оруктун эмгекчилери жана эмгек армиячылары –  2 миң сом;
  • УАМСта курман болгондордун жана согуштан кийин каза болгон согуштун катышуучуларыны жесирлери, майыптыгы жок оруктун эмгекчилери – 1 миң сом.

Мындан тышкары, УАМСтун майыптары жана катышуучулары, Ленинград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары 2010-жылдан тартып КР президентинин ай сайын өмүр бою берилүүчү 10 миң сом өлчөмүндөгү стипендияларын алышат.

Жыл сайын республикалык бюджеттин каражаттарынан 9- майга карата бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпул төлөнөт:

  • УАМС тун катышуучулары, майыптары, Лениград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары- 15 миң сом;
  • майыптыгы бар оруктун эмгекчилери, эмгек армиячылары, УАМСта курман болгондордун жана согуштан кийин каза болгондордун согуштун катышуучуларыны жесирлери, майыптыгы жок оруктун эмгекчилери – 10 миң сом.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.