КРЭмгек кодексинин 113 беренесине ылайык, ай календары боюнча аныкталуучу “Орозо айт” мусулман майрамы Кыргызстанда жумуш эмес майрам күнү болуп саналат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү бул жылдын 15-июнь күнү «Орозо айт» деп белгиленгендигин маалымдашты.

Эскертсек, Рамазан Кыргызстанда 17-майда башталган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.