Сауд Аравиясында уюштурулган “Көчмөндөрдүн ааламы” фестивалына барган Кыргызстандын өкүлдөрү өзүнүн мамлекетин уят кылууда. Бул тууралуу “Facebook” соцтармагынын колдонуучусу Бегимай Жаныбекова өзүнүн баракчасында билдирди.

«Кыргызстандык маданияттык ишмерлери башка өлкөдө жүргөнүн эске алып, маданияттуулугун унутпаш керек. Сүрөттөгү жигиттер өздөрүн патриот деп күндө калпакчан жүрүшөт, бирок кадамдары жийиркендирет», – дейт Бегимай.

Анын айтымында, Сауд Аравиясына фестивалга катышуу үчүн Кыргызстандан миңден ашкан жаран барган. Бирок бир тобу тамактануу маданиятын сактабайт, суусундуктардын баарын жатаканаларына көтөрүп кетет. Булардын баары эркектер.

«Суусундуктар менен тамактарды өз жатаканаларына көтөрүп кетишет. Ал жерде ч нерсе жебей да калган адамдар бар. Кээ бирөлөр эрте барып алып кыйкырып, ышкырып, иштеген жааматты шаштырат…» – деп Жаныбекова ачууланды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.