Өлкө боюнча кулпунай өстүрүүдөгү чемпион аныкталды. Ал фермер Нурбек Отогонов. Нурбек мырза 1 гектар жерден 37 тонна кулпунайдын түшүмүн алып, кирешесин арттырган. Ал эми багбан Уланбек уулу Нурсултан интенсивдүү ыкма менен алма өстүрүп, 1 гектардагы 2 миң түп алма багынан 25-30 тонна түшүм жыйнаган. Сиз дагы ушундай жыйынтыктарды жаратып, жакшы киреше тапкыңыз келеби?

Анда, багбанчылык менен чоң жетишкендиктерге жетишип, ийгилик жараткан адистер жана фермерлер 2025-жылдын 29-январында саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кулпунай жана алма өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары менен тааныштырат.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.