Эмгек жана социалдык өнүгүү министрдин орун басары Лунара Мамытова Кыргызстандагы пенсионерлер чет өлкөлөргө жылдап саякаттаганга мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт. Бул тууралуу Мамытова өзүнүн Instagram соцтармагындагы баракчасында жазган.
Чиновниктин айтымында, Франция, Германия, Бельгия, Америка, Турция, Египет, Америка өлкөлөрүнө министрликке келгенге чейин барып келген.
“198.5 км2 жерден (Кыргызстан жөнүндө) башка да толтура жер бар. Каткан акчанды чыгар. Ооба баягы кара күнгө деген. Андай болбосо кээ бир иштеп жаткан пенсионерлер пенсиясынан чогулткандай, топтоп, туристтик компаниянын бирине барып, кыялындагы бир мамлекетке бар. Мен ошондой пенсионерлерди билем, жыл сайын саякатташат”, – дейт Мамытова.
Бул билдирүү министрликтин жетекчилигинин сырткы командировкалары сынга алынганы менен байланыш болуш керек.
24-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Эмгек жана социалдык өнүгүү министрдин орун басары Лунара Мамытованын командировкалары боюнча текшерүү жүргүзүүнү сунуштады. Министрликтин маалыматына жараша Мамытова чет өлкөлүк командировкага 2 жолу чыккан.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: