Өмүрбек Бабановдун жээни Финполдун сурагында 5 саат отурду
2019-жылдын 11-апрелинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы президенттике мурунку талапкер Өмүрбек Бабановдун жээни Жаныбек Мырзабаевди чакырган. Суракта саясатчынын тууганы 5 сааттан ашык отурганын “Республика” партисы билдирди.
Жаныбек Мырзабаев суракка чакырыкты 10-апрелде алган.
«Сурак 15:30да башталып 20:30га чейин болду. Мага эки кылмыш иши козголгонун айтышты, бирок мен сырдуулук жөнүндө кагазга кол койгонум үчүн эч нерсе айтып бере албайм», – деди Мырзабаев.
Мырзабаев Финполго бүгүн да 15:00 барат. Анын айтымында, буга чейин сурактар болгон эмес. Бул кадамдарды Бабановдун кайтып келген жатканына басым кылуу деген ойдо.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: