“Мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңүздөрдү суранам” – деп КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун коомчулукка кайрылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Минстр кайрылуусунда жалпы маданият тармагында аткарыла турган көптөгөн иштерди белгилеген.
“Бүгүнкү күндө министрликке келген жарандардын 90 пайызы наам, сыйлык алуу маселелери менен келип жатышат. Бул көрүнүштү токтотуубуз керек. Жалпы жарандык коомчулуктан: “Мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңөрдү суранам”. Андыктан, аткарыла турган иштердин маанилүүлүгүн эске алып, маданият тармагында жасалып жаткан иштерге көмөк көрсөтүп, мага арка бел болууга чакырам”, – деп билдирди Азамат Жаманкулов.
Министрлик өз компетенциясынын чегинде сыйлыкка келип түшкөн документтерди коллегия курамы менен карап, процедура боюнча мамлекеттик сыйлыктарды кароо боюнча катчылыкка жөнөтөт.
“Акыркы кезде маданият министрлигинин дарегине социалдык тармактагы активдүү колдонуучулар жана жарандык коомчулук тарабынан мамлекеттик сыйлыктардын берилиши тууралуу бир катар сын пикирлер айтылып келгендиги маалым”, – деп министр белгиледи.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: