
Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылы Актау шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыялангандыгына байланыштуу алдыдагы маданий иш-чарага өзгөчө көңүл бурулду. Бул иш-чаранын маданий салттарды жайылтуудагы жана аймактагы мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдөгү маанилүүлүгү баса белгиленди.
Мындан тышкары, кыргыз делегациясынын Актау шаарында өтө турган салтанаттуу ачылыш аземине жана башка эл аралык демилгелерге катышуусу талкууланды. Тараптар чыгармачыл жамааттарды колдоо, маданий алмашууну өнүктүрүү жана уюштуруучулук процесстерди өркүндөтүү боюнча стратегиялык багыттарды карап чыгышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында мындан аркы кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди. Бул маданий диалогду күчөтүүгө, эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана улуттук искусствону дүйнөлүк аренада жайылтуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө өбөлгө түзөт.
Жолугушуудан кийин, Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата, сыйлоо аземи болуп өттү. Театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ТҮРКСОЙдун жогорку сыйлыгы төмөнкү инсандарга ыйгарылды:
1. Мираида Далбаева
2. Асангүл Абдыгулова
3. Гүлайым Каниметова
4. Калык Ибраимов
5. Аскар Салымбеков
6. Авас Сырымбетов
7. Жамилия Сыдыкбаева
8. Жамалбек Ырсалиев
9. Султан Каримов
10. Айгүл Умралиева
11. Гүлнара Сатарова
12. Гүлзада Станалиева
Источник – Министерство культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: