Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган жаңы жылдык азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси уланууда. Азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси 31-декабрга чейин уланат.
Жаңы жылдык жарманке саат 09:00дөн кечки саат 18:00гө чейин уланат.
Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.
Жарманкенин максаты, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: