2018-жылдын 23-августунда “Акылдуу шаар” долбоору боюнча тендер өтөт. Тендердин жеңүүчүсү аукцион форматында тандалат. Бул тууралуу КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров маалымдады.
Анын айтымында, аукцион онлайн-режиминде өтөт. Тендер шарты боюнча, жеңүүчү компания жабдууларды орнотуу жана иштетүү чыгымдарды өзүнө алат. Мамлекет бюджеттин каражатынан бир да тыйын коротпойт.
“Долбоордун алкагында, баш калаанын 38 көчөсүнө, 4 тез кыймылдуу чектерде 110 программалык-аппараттык комплекстер орнолот. Долбоордун экинчи этабында, комплекстер Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдовар, Бишкек-Нарын-Торугарт, Бишкек- аэропорт Манас жолдорунда орнотулат”, – деп Шатемиров кошумчалады.
Эскертсек, аукциондун баштапкы наркы 2,5 млрд сом суммасында аныкталган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: