Нарын шаарында «Региондорду ɵнүктүрүү жана ɵлкɵнү санариптештирүү» жылынын алкагында коомдук жайларга, парктарга жана сейил бактарга видео камералар коюлууда. Бул тууралуу шаардык муниципалдык кызматы билдирди.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн шаардык бюджеттен 171 миӊ сом бɵлүнүп, 15 видео камера алынды.

Эске салсак, буга чейин парктардагы инвентарларды талкалап, уурдап кеткен, бак-дарактарды, гүлдɵрдү сындырган жана башка кɵптɵгɵн жагымсыз жагдайлар болуп келген. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.