Россия Федерациясында эмгектенип жашаган кыргызстандыктар орус тилин расмий статусун жоюуга каршы. Бул тууралуу жалпы россиялык кыргыздар конгрессинин конференциясында билдиришти.

Кыргызстандык мигранттарынын кайрылуу тексти толугу менен:

Кыргыз мамлекетинин бүгүнкү акыбалга келишине сиздердин тиешеңиздер жок десе туура болбой калат. Ошонун кесепетинен миллиондон ашуун жарандарыбыз чет өлөкөлөрдө, алардын дээрлик көпчүлүгү Россияда эмгектенишип, бала-чакасын багып, мамлекетибиздин социалдык стабилдүүлүгүнө өздөрүнүн зор салымдарын кошуп келе жатышканын эсиңиздерден чыгарбагыла.

Мекенибиздеги олку-солкулардан тажап, жумушсуздуктун айынан Россияга келишип, мамлекет толук түрдө шайлоо укуктарын камсыз кылып бербесе да кайыл болушуп, оорчулук-кыйынчылыктарга кабагым-кашым дебей эмгектенип жүргөн жүз миңдеген мигранттарыбыздын көгөйлөрүнө көңүлүңүздөрдү буруп койсоңуздар!

Орус тилинин макамы боюнча билдирүүңүздөрдөн соң сыртта жүргөн мекендештерге Сиздер башка дүйнөдө жашап жаткандай сезилип калдыңыздар. «Баш оорубагандын кудай менен иши жок» дегендей болуп жатат, урматтуу туугандар!

Учурда Россиядагы мекендештер арасында, кыргыз саясий элитасынын Конституциядагы орус тилинин макамын алуудан башка иштери калбай калыпбы, деген чоң суроо пайда болду.

Популистик маселелерди көтөрүүдөн мурда, экономикабызды гүлдөтүп, жумушчу орундарын жайнатып койсоңуздар, каражат кеңири болсо, тил жана маданият көйгөйлөрү да жеңил чечилмек.

Чындап эле экономиканы өнүктүрүүгө орус тили жолтоо болуп жатабы? Тескерисинче, Россияга барган миллионго чукул мигранттарыбыз орус тили аркылуу нан таап, үй-бүлөөлөрүн багып, экономикабызга эбегейсиз зор салымдарын кошуп жатпайбы. Россия Кыргызстандын стратергиялык өнөктөшү, республикабыздын ЕАЭСке мүчөлүгү Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерибизге өз пайдасын берүүдө. Ал эми кыргыз экономикасын даярдабай туруп ЕАЭСке түртүп киргизип койгон – бул башка маселе, ал үчүн ошол учурдагы жетекчилер жооп бериши керек.

Биз сиздерди, популистик маселелерди көтөрүүдөн мурда, экономикабызды көтөрө турган, элибиздин турмушун жакшырта турган конкреттүү иш-чаралар менен алектенүүгө чакырабыз. Кыргызстанды саясий эксперименталдык лабораторияга айландырууну токтотсоңуздар! Калың журтка зыяны тийбей турган иш-аракеттер менен алектенсеңиздер урматтуу конференциянын катышуучулары!

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.