Эгемендүү Кыргызстанда эл аралык жогорку медициналык окуу жайлары ачылып, илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитет, беш институтту камтыган Кыргыз Республикасынын УИАнын Түштүк филиалы түзүлгөн. Билим берүү жана илим тутумундагы мындай өзгөрүүлөргө ЖКнын депутаты жана КР экс-премьер-министри Кубанычбек Жумалиевдин жигердүү эмгеги менен жетишилди. Жумалиевдин кесиптештери биздин редакциянын жетишкендиктери жөнүндө айтып беришти.

Техника илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз инженердик Академиясынын академиги Абдырахман Мавлянов:

-Мен Кубанычбек Жумалиевди студент кезден бери эмгекчил, идеяларга бай, билимдин аркасынан түшүп жаны тынбаган адам катары тааныйм. Азыркы учурга чейин эле дал ошондой мээнеткеч, жаш кездегидей эле дем менен илимди өнүктүрөйүн деп күйүп келет, себеби Кубанычбек мырза илимсиз, билимдүү жаштарсыз бир да өлкөнүн келечеги жок экенин жакшы түшүнгөн адам. Мен саясатчы эмесмин, ошондуктан интернет майданында анын тегерегинде жаралган жагдай тууралуу саясий баамды бере албайм. 

Илимге кошкон салымы абдан зор, өзү практик жана теоретик катары да күчтүү кадр. Мисал катары айтсам, 1992-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитетти дүркүрөтүп башкарып турган. Бирок бул комитеттин иши 2-3 жылдан кийин токтоп калган. Ал эми Кубанычбек Жумалиев акыркы жылдары маалыматтык технологиялар боюнча адис, келечек жаңы технологияларда экенин жакшы түшүнгөн илимпоз катары бул комитеттин, агенттиктин ишин кайра жандануусу үчүн көп аракет кылды.

Мындан сырткары, 1994-1995-жылдары КРнын билим берүү жана илим министрлигинин орун басары болуп жүргөн кезде, билим берүү тейлөөлөрүн эскпорттоого киришкен, башкача айтканда, эл аралык медициналык жогорку окуу жайларды ачып, чет элдик, айрыкча, индиялык студенттерди биздин өлкөдөн билим алууга тарткан. Бул биздин өлкө үчүн инвестиция тартуунун бир түрү болуп саналат, себеби миңдеген чет элдик студенттер контракты гана төлөбөстөн, жашаганга, тамактанганга, баскан-турганга акча коротушат, билинбегени менен мындай студенттердин биздин жерде окуусу өтө пайдалуу, билим берүү аркылуу инвестиция тартуу, чет элдик студенттерди чакыруу бул, мисалы, АКШ, Европа, Турцияда өлкөлөрүндө жакшы өнүккөн тенденция жана экономиканы өнүктүрүүнүн бир жолу. Мындан тышкары, анын сунуштоосу жана жетектөөсү менен КРнын УИАнын өзүнө беш институтту камтыган Түштүк бөлүмү ачылган. Инновациялык технологиялар боюнча Эл аралык университет, компьютурдук системалар жана экономика, байланыштар жана телекоммуникациялар боюнча колледждер жана лицей ачылган, тоо, геологиялык, транспорттук кыргыз колледжи, анын алдында бул багыт боюнча лицей да түптөлгөн. Бул иштер Кубанычбек Жумалиевдин билим берүү тармагына кошкон эбегейсиз зор салымы болуп эсептелет жана эл анын эмгегин билип, баалашы керек.  

Кубанычбек Жумалиевдин илимий-изилдөөлөрүнүн арасында жогорку сапаттагы цементти алууну изилдөө жана аны иштеп чыгаруунун  технологиясын түзүү багыты да болгон. Мунун жыйынтыгында, Жумалиевдин дагы бир мыкты демилгеси менен учурда Жалал-Абад облусунуна караштуу Ноокен районунун Таш-Көмүр шаарынын четинде чоң цемент заводу курулууда. Бул чет элдик, билишимче, Кытай элинен алынган кредиттик каражатка салынууда, белгилей кетчү нерсе, ал кредитти алууга мамлекеттин эч кандай тиешеси жок. Эгер бул завод ийгиликтүү курулуп бүтүп, иштей баштаса, ал Жалал-Абад облусундагы жападан жалгыз цемент өндүрүүчү ишкана болбостон, мисалы, Өзбекстанга да цементти экспортоого мүмкүн болот. Көптөгөн жумуш орундары түзүлөт, түштүк элине сапаттуу цемент жетиштүү болот жана заводдун имердүүлүгүнөн өлкөнүн экономикасына каражат түшүп турат. Бул ишкананы куруу демилгесин К. Жумалиев абдан туура ойлонуштуруп жана керек болуп жаткан учурда иш жүзүнө ашыра баштаган. Себеби цемент – бул куруучулардын негизги азыгы, негизги каражаты, бардык нерсе колдонулуучу материал.   

 КРнын билим берүүсүнүн отличниги, Жалал-Абад областынын Аксы районундук мамлекеттик администрациясынын мурдакы башчысы, учурда ушул эле райондогу Авлетим а/аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Анаркул Шырдаков:

– Кубанычбек менден 2 жаш кичүү, мен аны жаш кезинен эле илимди жактаган жаш окумуштуу катары тааныйм. Ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунан чыккан алгачкы академик. Жумалиев илимий мектептин жетекчиси катары 23 илимдин кандидатын жана 6 илимдин докторун даярдаган. Бул анын жогорку даражадагы илимпоз, устат экенинен кабар берет. Аскар Акаев убагында Кубанычбек Жумалиевдин илимий жөндөмүн, дараметин байкап калбаса, бул адам саясатка барбайт болчу деп ойлойм. Ал эми саясаттан өз ордун таап, көптөгөн чоң кызматтарга дайындалып турушу, бул анын саясатчы катары кут жана жеткилең акылы бар, иш билгилиги мол экенинин далили.

2005-жылы болгон төңкөрүшпү же революция дейбизби, кыскасы ошол окуялардан кийин экс-президент А.Акаев өлкөдөн качып кеткенде анын үзөңгүлөш адамы катары К. Жумалиев да неге качып кеткен жок деген суроо туулат. Буга бир чоң жооп бар, себеби ал казынага колун салып, эл байлыгына тоюп, кызматтан пайдаланып бирөөнүн бизнесине басмачылык жасаган адам эмес. Анын жүзү эл алдында жарык болгону үчүн өзүнө ишенип, өз мекенинде калган. Акаев качып кеткенден кийин анын айланасында эле агалап жүргөн бир топ саясатчалар дароо тонун алмаштырып, башкалар менен бирге аны жамандап, болгон айыбын айтып жаткандар четтен чыгып атты. Мени таң калтырганы Жумалиев Акаевдин артынан сүйлөп, атына чаң жугузган жок. Бул анын адамгерчилигин көрсөтүп турат. 

Кубанычбек Жумалиевдин кулк-мүнөзүн сүрөттөй турган болсом, ал жашоодо абдан оор басырыктуу, токтоо мүнөз жана жумшак адам. Айрым аткаминерлерге караганда белгилүү саясий ишмер Жумалиевди кандайдыр-бир учурларда кызматка салып, бирөөгө үстөмдүк кылбаган, бийликти өз кызыкчылыгына пайдаланбаган адам катары көпчүлүк билип, сыйлап жүрүшөт. Бирөөлөр менен соттошуп, чатакташып, айтышып, чукулашып жүрбөгөн инсан болгондуктан, учурдагы курулай чагымдарга, конкреттүү далили жок асылууларга Жумалиев татыктуу туруштук бере албай жаткан кези. Жумалиевди эң чоң душман деп тааныган бул кыймыл ушундай чабуулду баштаган болсо, анда алар өзүлөрүнүн айтып жаткан тизмесинен тандап алып, бир эле адамга асылуу менен чектелип калбай, анын мыйзам боюнча кол тийгис менчигине кол салбай, бардык айыпталуучуларга бирдей чара көрүшү керек болчу. Ошол эле учурда, мисалы, неге алар Жумалиевдин ишкердигинен мамлекеттик казынага ушул убакытка чейин түшкөн салыгын, 2002-2004-жылдары ал Премьер-министр, транспорт жана коммуникациялар министри болуп турган учурда бүткөн Бишкек-Ош жолунун көпчүлүк бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өтүп, салынганын, анын карапайым эле үчүн түзгөн миңдеген жумуш орундарын айтып чыгышпайт?

Кубанычбек Жумалиевди бир нече өлкөлөр кыйын окумуштуу, илим дүйнөсүнө зор салымы бар илимпоз, академик, профессор, илимдин доктору катары таанып, баалашат. Ондон ашык өлкөлөрдүн Илимдер Академиясынын корреспондент мүчөсү болуп жүргөн адамды өз өлкөсүндө эл душманы кылууга аракет кылып жаткан топтордун бул амалы абдан айып жана төмөн көрүнүш. Өлкө үчүн шайлоо алдында азыр тынчтык жана туруктуулук кымбат болуп турган учур, андыктан мындай чыр-чатак, уруш-талаш, бирөөнүн жеке мүлкүнө кол салууну токтотуу керек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.