Президент Сооронбай Жээнбеков 2018 жылдын 18 майда көп балалуу энелерди “Баатыр Эне” ордени менен сыйлап, өлкөнү даңктаган кыргызстандыктардын энелерине алкыш баракчаларын тапшырды. Алардын ичинде жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1 миң 354 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 454 эне – “Эне даңкы” медалы менен сыйданды. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматы билдирди.
“Бул дүйнөдө энеден өткөн ыйык түшүнүк жок. Баланын эң жакын, касиеттүү адамы дагы бул – эне. Энеге гана ыйык деген сөз жарашат деп айтаар элем. Эне гана ыйык деген сөзгө татыктуу. Энелерге күнүгө урмат-сый көрсөтсөк дагы аздык кылат. Өзгөчө майрам күндөрү биз ушул жарык дүйнөгө алып келген апаларыбызды ар дайым эстейбиз. Мээрибизди тартуулап, урмат-сыйга бөлөп, колдон келген белектерди берүүгө аракет кылабыз. Өтүп кеткен апаларыбыздын акыл-насааттарын эстеп, куран окуп, бейиштерин тилейбиз”, – деп Сооронбай Жээнбеков белгиледи.
Салтанаттуу аземди жыйынтыктап жатып, Жээнбеков энелерге бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк чексиз бакыт каалады.
“Баладан урмат, элден сый, жашоодон жыргал көрүңүздөр. Өлкөнүн керегине жараган, өз өлкөсүн сүйгөн, элибиздин түндүгүн бийик көтөрөм деген уул-кыздарды төрөп, тарбиялап, уядан учурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем! Эң бийик “Баатыр эне” деген наамды тапшырып жатканыма абдан кубанычтамын. Сыйлыгыӊыздар кут болсун!”, – деди мамлекет башчысы.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: