Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери үчүн салынган үйдүн салтанаттуу ачылыш аземине катышып, батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өткөн чейрек кылым аралыгында кыргыз армиясы бир топ кыйынчылыктарды жеӊип өткөнүн белгиледи.

«Азыркы убакта кыргыз армиясы бир кыйла ийгиликтерге жетти. Азыр учурдун талабына жооп бере турган армиябыз түптөлдү деп айтсак болот, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. — Армиянын баркы жогорулап, жоокердик милдетин аткарууну каалаган жаштардын саны өсүп жатат. Күжүрмөн аскердик салттар кайрадан калыбына келип, солдаттар менен офицерлерге карата коомдун сый мамилеси күчөдү».

Бүгүн, жалпысынан алганда 2481 квартиралуу 77 турак жайлардын курулушу аяктады. Азыркы учурда 1250 квартиралуу 22 объекттин курулушу жүрүп жатат. Бүгүн 54 жаңы квартиранын ачкычтары тапшырылды.

Ошондой эле Мамлекет башчысы ден-соолукту чыӊдоого багытталган спорт аянтчасын курууга 300 миӊ сомдук сертификатты белекке тартуулап, жаңы квартираларды карап чыгып, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү менен баарлашты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.