Бүгүн, 15-январда Россия Федерациясы КР Мамлекеттик чек ара кызматына автомобиль техникасын тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жардам эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу процессинин алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүү боюнча Макулдашууну ишке ашырууга ылайык берилди.

Өкмөттөр аралык Макулдашууга ылайык, Россия ЕАЭБдин чек арасынын кыргыз участогуна, анын ичинде өткөрүү пункттарынан сырткары жерлерди дагы техникалык жана инженердик жабдуу боюнча жумуштарга 48,58 АКШ долларын бөлүп берүүдө.

Россия тарап 125 даана автомобиль жана атайын техниканы алып келди, анын ичинде адамдарды жана жүктөрдү ташуучу өтүмдүүлүгү жогору автомобилдер, сүйрөгүч автомобилдер, экскаватор-жүктөөчүлөр, автокрандар, санитардык унаалар, атайын багыттагы унаалар, бургулоочу жабдыктар бар. Мамлекеттик контракттын суммасы 3 млн АКШ долларды түзөт. Макулдашуунун алкагында техникалык жана инженердик жабдуу 93%га өздөштүрүлдү.

Мындан тышкары, колдонууга чек ара бөлүктөрү үчүн 11 имараттардын жана жабдыктардын комплекси киргизилип жатат, алардын көп бөлүгү 2018-жылы жана 2019-жылдын январь айында ишке киргизилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.